10

Июль

2025

Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева: Кыргызстанда баланын укуктарын сыйлоо – бул укуктук норма гана эмес, биздин салтыбыз

Кыргызстанда баланын укуктарын сыйлоо – бул укуктук норма гана эмес, каармандык өтмүшкө тамырлашкан биздин тарыхый салтыбыз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева «Салттуу баалуулуктар жана азыркы чакырыктар: каармандык өтмүштөн санариптик учурга» аттуу XIII Эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында сүйлөп жатып билдирди. 

Өз кайрылуусунда ал конференциянын темасы балдардын укуктарын коргоо, алардын руханий-адептик тарбиясы жана патриоттук калыптанышы жаатындагы артыкчылыктуу милдеттерге терең үндөш экенин баса белгиледи. 

«Кыргызстанда баланын укуктарын сыйлоо – бул укуктук норма гана эмес, каармандык өтмүшкө тамырлашкан биздин тарыхый салтыбыз. Бүгүнкү күндө, санариптик трансформация шартында, биз бул баалуулуктарды сактап, аларды азыркы реалдуулукка ылайыкташтырышыбыз маанилүү. Бул процессте өзгөчө маанилүү ролду кошумча билим берүү системасы ойнойт, ал өсүп келе жаткан муунда таланттарды, лидерлик жана жарандык сапаттарды өнүктүрүү мейкиндигине айланууда», - деп белгиледи Асель Чынбаева.

Конференциянын жүрүшүндө Кыргызстан, Казакстан, Россия, Беларусь, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркиядан келген катышуучулар улуттук жана заманбап баалуулуктарды кошумча билим берүүгө интеграциялоо, инсанды калыптандырууда руханий жана патриоттук тарбиянын ролу, ошондой эле балдардын глобалдык компетенцияларын өнүктүрүүнүн натыйжалуу практикалары тууралуу талкуулашты. 

Санариптик чөйрөнүн тобокелдиктерине, жоопкерчиликти, эмпатияны, башкалардын укуктарын сыйлоону тарбиялоо маселелерине жана жаштардын жарандык аң-сезимин чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду. 

Конференция менен бир убакта "Ысык-Көл досторду чогултат" XV Эл аралык этно-карнавалы өтүп жатат, ага аймактын өлкөлөрүнөн 500дөн ашуун бала катышууда. Конференцияны Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана "Балажан" балдарды эстетикалык тарбиялоо боюнча республикалык окуу-методикалык борбору — Кыргызстандагы ЮНЕСКОнун биринчи клубу уюштурду.