10
Июль
Президенттин Администрациясынын жана мамлекеттик органдардын электрондук документ жүгүртүүгө өтүшү бюджеттен 1,2 млрд сомдон ашык каражатты үнөмдөдү
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана мамлекеттик органдардын электрондук документ жүгүртүүгө өтүшү бюджеттен 1,2 млрд сомдон ашык каражатты үнөмдөдү.
Учурда электрондук системаны 3415 мамлекеттик жана муниципалдык уюм, 135 коммерциялык уюм колдонууда. 2025-жылдын 6 айында ЭДЖСте 5,2 млнго жакын документ катталган, бул 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 30%га (4,0 млн), ал эми 2023-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 73%га (3,0 млн) көп. Күн сайын ЭДЖСте 40-42 миң документ катталат. 2025-жылдын 1-июлуна карата ЭДЖСте 9500дөн ашык ченемдик укуктук актылардын долбоору иштелип чыккан. Документтерди электрондук түрдө иштетүү кагаз түрүндө иштетүүгө салыштырмалуу 1 документке 30 мүнөткө чейин убакытты үнөмдөйт (сканерлөө, көчүрүү, басып чыгаруу жана көчүрмөлөрдү аткаруучуларга таратуу, жөнөтүүгө даярдоо, кол коюуну күтүү ж.б. процедураларды кошо алганда). Документтерди кагаз түрүндө тариздөөдө кеңсе кагазынан тышкары башка дагы финансылык чыгымдар бар. ЭДЖСте иштөөдө кеңсе товарларына, кеңсе буюмдарына жана башка чыгымдарга кеткен каражаттар 90%га чейин кыскарат. 2024-жылга мамлекеттик бюджеттин үнөмдөлүшүн 1205,3 млн сом деп баалоого болот.