11

Июль

2025

Кыргызстан калкты жакырчылыктан арылтуу жана социалдык мобилизациялоо боюнча чараларды күчөтүүдө

Бүгүн, Бишкек шаарында жакырчылыкты кыскартуу жана социалдык мобилизацияны күчөтүү маселелери боюнча Республикалык кеңешме өтүүдө. Иш-чаранын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кириш сөз сүйлөдү.
 
 Өз сөзүндө ал жакырчылыкка каршы күрөшүү мамлекеттик саясаттын сөзсүз артыкчылыгы жана жалпы улуттук милдет экенин баса белгиледи. Анын айтымында, учурда өлкөнүн ар бир төртүнчү жашоочусу жакырчылыктын чегинен ылдый жашайт жана бул бардык мамлекеттик институттардын жана жалпы коомдун чечкиндүү жана координацияланган аракеттерин талап кылат.
 
 «Биз эч кимди артта калтыра албайбыз. Кыргызстандын экономикалык өсүшү бардык жарандар үчүн – жашаган жерине жана социалдык абалына карабастан, сезилерлик натыйжаларды алып келиши керек. Ар бир бала, ар бир үй-бүлө негизги мүмкүнчүлүктөргө жана татыктуу келечекке ээ болушу керек», - деп билдирди Эдил Байсалов.
 
 Кеңешменин алкагында жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары каралды. Адамдык капиталды өнүктүрүүгө, анын ичинде билим берүүнүн сапатын жогорулатууга (айрыкча айыл жерлеринде), мектепке чейинки тарбиялоонун камтуусун кеңейтүүгө, кесиптик-техникалык билим берүүнү өнүктүрүүгө, саламаттыкты сактоо системасын чыңдоого, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга кабылган балдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн коргоого өзгөчө көңүл бурулду.
 
 Мамлекет ошондой эле туруктуу жумуш орундарын түзүүгө, чакан жана орто бизнести колдоого, аймактык экономиканы өнүктүрүүгө, кайра иштетүү жана агроөнөр жай комплексине инвестицияларды стимулдаштырууга, ошондой эле жумуштуулук программаларын кеңейтүүгө – биринчи кезекте жаштар жана аялдар үчүн күч жумшайт.
 
 Социалдык колдоо тутумун өркүндөтүү аялуу үй чарбаларына даректүү жардамды, эсепке алуу жана мониторинг механизмдерин санариптештирүүнү, натыйжасыз чыгымдарды кыскартууну жана кризистик кырдаалдарда тез чара көрүү программаларын кеңейтүүнү карайт. Өзүнчө багыт катары социалдык мобилизацияны активдештирүү белгиленген — жарандык демилгелерди колдоо, жергиликтүү жамааттардын программаларды ишке ашырууга катышуусу жана аларды аткаруунун бардык этаптарында ачык-айкындуулукту камсыз кылуу аркылуу.
 
 Кыргыз Республикасы 2030-жылга чейин Улуттук өнүгүү программасын ишке ашыруу үчүн ички ресурстарды мобилизациялоого жана эл аралык колдоону тартууга ниеттенүүдө. Эдил Байсалов белгилегендей, ар бир реформалык чечим социалдык теңсиздикти азайтууга жана өлкөнүн бардык жарандары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталууга тийиш. Кеңешмеге министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү бийлик органдарынын, эл аралык жана донордук уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн жана жарандык коом институттарынын өкүлдөрү катышууда. Иш-чара гибриддик форматта, республиканын бардык аймактарын видеоконференц байланыш аркылуу кошуу менен өтүүдө. Кеңешменин түз трансляциясы «Ала-Тоо 24» телеканалында жүргүзүлүүдө.