11
Июль
МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Түркия Республикасынын Элчиси Мекин Мустафа Кемаль Өкем менен жолугушту
Бишкек шаары, «Ынтымак-Ордо», 2025-жылдын 11-июлу – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемаль Өкем менен жолугушту.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер динамикалуу өнүгүп жатканын жана эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлинде экенин белгиледи. Данияр Амангельдиев эки мамлекеттин башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча сапаттуу иштерди жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Ал эки тараптуу товар жүгүртүүнү 5 млрд АКШ долларына жеткирүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоо зарылдыгын белгиледи.
«Кыргыз-түрк соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын иши Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу куралдарынын бири болуп саналат. Ушул жылдын күзүндө Комиссиянын кезектеги отурумун өткөрүү пландаштырылууда, ошого байланыштуу иш-чарага даярдык иштерин баштоону сунуштайм», - деди ал.
Өз кезегинде Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемаль Өкем түрк тараптын жетишилген макулдашууларды, анын ичинде инвестициялык кызматташтыкты, соода алмашууну, ошондой эле ар кандай тармактарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча активдүү ишке ашырууга даяр экендигин баса белгиледи. Элчи ошондой эле Өкмөттөр аралык комиссиянын алдыдагы отурумунун маанилүүлүгүн белгилеп, Бишкектеги жолугушуу эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө жаңы импульс берерине ишенимин билдирди.
Тараптар кызматташтыкты андан ары кеңейтүү үчүн бир катар келечектүү багыттарды белгилешти, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы достук байланыштарды тереңдетүүгө жалпы кызыкдар экендиктерин билдиришти.