11

Июль

2025

Пекинде Кыргызстандын азык түлүк продукцияларын Кытайга экспорттоо үчүн Бишкекте курула турган лабораториянын маселеси боюнча жыйындын протоколуна кол коюлду

Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында Кыргызстандын азык түлүк продукцияларын Кытайга экспорттоо максатында Бишкек шаарында курула турган лабораториянын маселелери боюнча буга чейин өткөрүлгөн жыйындын протоколуна кол коюлду. 

Жыйындын протоколуна, кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, ал эми кытай тараптан Кытайдын эл аралык өнүктүрүү боюнча кызматташтык агенттигинин директорунун орун басары Ху Чжанлян кол койду. 

Белгилей кетсек, 2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы ноталарды алмашуунун жобосуна ылайык, Кытай Өкмөтү Кыргызстанда өсүмдүктөрдүн карантиндик зыяндуу организмдерин жана тамак-аш азыктарын текшерген лабораторияны куруу долбоорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн өзүнө алган. 

Ага ылайык, Кытайдын инженердик жана долбоорлоо академиясынын долбоордук топтору 2017, 2018, 2024-жылдары Кыргызстанда тиешелүү изилдөө иштерин жүргүзүп кеткен. 

Анын жыйынтыгында, кыргыз тараптан Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен кытай тараптан Кытайдын Эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик башкармалыгы бул Долбоорду ишке ашыруу потенциалын изилдөө процессинде кытайлык долбоордук топ менен кыргыз тараптын биргелешкен талкуусунун жүрүшүндө иштелип чыккан техникалык натыйжалардын кыскача баяндамасы боюнча макулдашууга жетишилген.

Долбоор жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү, улуттук стандарттарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен Кытайдын техникалык стандарттарынын жана долбоорлоо жана курулуш ченемдеринин негизинде ишке ашырылат. 

Кытай тараптын жогоруда аталган иштерди аткарууга байланышкан чыгымдары Кытай Өкмөтү тарабынан жардам иретинде берилген каражаттын эсебинен жабылат.