15
Июль
Президенттин Администрациясында паратриатлон боюнча дүйнө чемпиону Жалалдин Абдувалиевдин эмгеги белгиленди
Бишкек, «Ынтымак Ордо», 2025-жылдын 15-июлу — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов үстүбүздөгү жылдын 29-июнунда Испанияда өткөн турнирде PTVI (көзү начар көргөн спортчулар) категориясында паратриатлон боюнча дүйнө чемпиону наамын жеңип алган паралимпиадачы Жалалдин Абдувалиев менен жолугушту.
Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын паратриатлон боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Андрей Ханадеев, Жалалдин Абдувалиевди коштоп жүргөн гид-жол көрсөтүүчү Николай Ведмедь, Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Айбек Абдымомунов жана паралимпиадачы Гүлназ Жузубаева катышты.
Эдил Байсалов Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан Жалалдин Абдувалиевге, ошондой эле машыктыруучуларга акчалай сертификаттарды тапшырды. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары спортчуга күчтүү руху, спортко берилгендиги жана бүткүл коомго тартуулаган шыктандыруусу үчүн, ошондой эле өлкөнүн эл аралык аренада татыктуу көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Паратриатлон боюнча дүйнө чемпиону Жалалдин Абдувалиев өз кезегинде мамлекет тарабынан параспортту өнүктүрүүгө көрсөтүлүп жаткан көңүл бурууга ыраазычылык билдирди. Ал республиканын жетекчилигинин колдоосу анын тырышчаактык менен машыгуусун улантууга, жаңы спорттук бийиктиктерге жетүүгө жана Кыргызстанды эл аралык аренада сыймыктануу менен көрсөтүүгө чоң мотивация берерин белгиледи.