16

Июль

2025

МинКаб төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өлкөнүн көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө сактоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу өлкөнүн көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө сактоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрдү. 

Жыйындын жүрүшүндө 20дан ашык маселе каралды. Комиссиянын чечими менен бир катар жалпы билим берүүчү мектептерге жана бир баштапкы кесиптик билим берүү мекемесине Касым Тыныстанов, Иманалы Айдарбеков, Исхак Раззаков, Абсамат Масалиев, Аалы Токомбаев, Саякбай Каралаев, Кусеин Карасаев, Чыңгыз Айтматов жана башка ишмерлердин ысымдары ыйгаруу жактырылды.