18
Июль
Министрлер Кабинети Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтуна медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн 225 млн сомдон ашуун каражат бөлдү
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтуна медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн 255 млн 982 миң 500 сом бөлүндү. Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Мындай чечим, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунда 2025-жылдын 11-февралында чыккан өрттөн кийин аны үзгүлтүксүз иштетүү жана адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүнү кайра баштоо максатында кабыл алынды.
Саламаттык сактоо министрлигине финансылык каражаттардын белгиленген тартипте максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу тапшырылды.