18
Июль
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев быйыл Жалал-Абад облусунда белгилене турган өлкөнүн Эгемендүүлүк майрамын жогорку деңгээлде уюштурууну тапшырды
Бишкек, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 18-июлу – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болуп өттү. Өлкөнүн Көз карандысыз күнүн белгилөөдө быйыл негизги майрамдык салтанат Жалал-Абад облусунда өткөрүлөт.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар майрамды уюштурууга байланышкан маселелер кенен каралды. Атап айтканда, даярдык иштерин координациялоо, ата мекендик жана чет элдик эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерттик программаны деталдаштыруу, ошондой эле өзгөчө маданий иш-чаралардын масштабын эске алуу менен майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды күчөтүү маселелери талкууланды.
Адылбек Касымалиев бардык иш-чараларды жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жооптуу бөлүмдөргө далилдүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле майрамга арналган социалдык, инфраструктуралык, спорттук жана өндүрүштүк объектилерди өз убагында ишке киргизүү маселесине токтолуп, ошону менен бирге бардык курулуш эрежелерин жана талаптарын так сактоо зарылдыгын белгиледи.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы иш-чара өткөрүлүүчү бардык жерлерде жарандардын коопсуздугун камсыздоону өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырып, муну биринчи кезектеги милдет деп атады.