18

Июль

2025

МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев КМШнын Экономикалык кеңешинин 106-жыйынына катышты

Москва, Россия Федерациясы, 2025-жылдын 18-июлу — Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев жетектеген Кыргыз Республикасынын делегациясы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешинин 106-жыйынына катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө КМШнын алкагындагы экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, соода-экономикалык байланыштарды мындан ары тереңдетүү боюнча чаралар талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Шериктештиктин алкагында кызматташууну мындан ары дагы чыңдоого багытталган бир катар чечимдерге кол коюлду.