19

Июль

2025

МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жалал-Абад облусундагы бир катар социалдык объектилердин абалы менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Тогуз-Торо районундагы бир катар социалдык мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Анда, Кара-Суу айылындагы “Кара-Суу айылдык аялдар кеңеши” коомдук бирикмесине, жакында эле курулган айылдык китепканага, ошондой эле А. Жакишов атындагы жалпы дарыгерлик практика борборуна, А. Сыдыков атындагы райондук маданият үйүнө жана “Аракет” реабилитациялык борборуна барды.

Эдил Байсалов өзгөчө алыскы аймактардагы жарандардын ден соолугуна жана бакубаттуулугуна кам көрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Социалдык объектилерди текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү министрликтерге жана жергиликтүү бийлик органдарына көрсөтүлгөн кызматтардын шарттарын жана сапатын жакшыртууга багытталган бир катар тапшырмалар берилди.