20

Июль

2025

Эдил Байсалов Ат-Башы районундагы «Бала Береке» демографиялык демилгесинин чоо-жайы менен тааныштырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ат-Башы районундагы бир катар социалдык инфраструктуралык объектилерди кыдырып, «Бала Береке» мамлекеттик демографиялык программасынын чоо-жайы менен тааныштырды.

Ал Ат-Башы айылында райондук оорукананын төрөт бөлүмүнүн иши, Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектептин абалы менен таанышып, ошондой эле Кара-Булуң айылындагы айылдык клубдун жана Казыбек айылындагы райондук оорукананын эски имаратынын абалы көрүп чыкты. Мындан тышкары, 10 баланы тарбиялап жаткан Мамбеталиевдердин үй-бүлөсүндө болду.

Сапардын негизги максаты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылган “Бала Береке” демографиялык демилгесин жайылтуу болду.

Программа төрөлүүнү стимулдаштырууга жана өлкөнүн жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу аймактарында жашаган көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган.

Президенттин жарлыгына ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тартып балдар төрөлгөндө бир жолку төлөмдөр киргизилет:

 4-балага - 100 000 сом;

 5-балага - 600 000 сом;

 6-балага - 800 000 сом;

7-балага - 1 000 000 сом;

8-балага - 1 200 000 сом;

9-балага - 1 500 000 сом;

10 жана андан ашык балалууларга - 2 000 000 сом.

Төлөм бала бир жашка чыкканда аймактык коэффициентке карабастан төлөнөт.

Эдил Байсалов программанын ишке кириши менен 2026-жылы бийик тоолуу аймактарда төрөт 30-40%га көбөйүшү мүмкүн деген ишенимин билдирди. Ал «Бала Береке» Кыргызстандын келечегине, үй-бүлө институтун бекемдөөгө жана аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө стратегиялык инвестиция экенин баса белгиледи.

Казыбек айылында 10 баланы тарбиялап жаткан Мамбеталиевдердин үй-бүлөсү менен Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары да жолугушту. Жарлык күчүнө киргенге чейин үй-бүлөдө онунчу бала төрөлгөнүн эске алып, бул үй-бүлөгө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин атынан баалуу белектер тапшырылды.

Эдил Байсалов өзгөчө алыскы жана тоолуу аймактардагы көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо мамлекеттик социалдык саясаттын маанилүү багыты болуп кала берерин баса белгиледи. Мындай максаттуу чаралар жарандар үчүн системалуу кам көрүүнүн чагылышы.

Иш сапардын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.