21

Июль

2025

Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды

Бишкек, “Ата-Бейит”, 2025-жылдын 21-июль – Кыргыз Республикасына мамлекеттик иш сапары менен келген Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды.

Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын курмандыктарына арналган мемориалга гүлчамбар койду.