22

Июль

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Мамлекеттик салык кызматынын жамаатына ведомствонун төрагасы Алмамбет Шыкмаматовду тааныштырды 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) жамаатына ведомствонун төрагасы Алмамбет Шыкмаматовду тааныштырды. Бул дайындоо Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Салык кызматын Финансы министрлигинин түзүмүнөн чыгарып, Министрлер Кабинетинин курамына өз алдынча мамлекеттик орган катары киргизүү жөнүндөгү Жарлыгынан кийин болду. 

Жетекчини тааныштырып жатып, Данияр Амангельдиев реорганизациялоо чечими бюрократиялык жол-жоболорду оптималдаштыруу жана салык органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынганын белгиледи. Ал эми азыр кызматка алкоголдук продукциянын, ошондой эле баалуу металлдардын жана зергердик буюмдардын жүгүртүлүшүн өнүктүрүү жана контролдоо боюнча функциялар жүктөлөрүн кошумчалап, бул чечимдердин натыйжалары жана алардын натыйжалуулугу жакынкы аралыкта байкалат деген ишенимин билдирди. 

Өз кезегинде Алмамбет Шыкмаматов көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, коюлган максаттарга жетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганына ишендирди.