22
Июль
МинКаб республикалык күйүк борбору үчүн жабдууларды жана буюмдарды сатып алууга 24 миллион сом бөлдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Саламаттык сактоо министрлигине Клиникалык медициналык тез жардам ооруканасынын күйүк бөлүмү үчүн медициналык жабдууларды жана медициналык буюмдарды сатып алууга 24 431 000 (жыйырма төрт миллион төрт жүз отуз бир миң) суммасында кошумча каражаттарды бөлдү.
Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жыл сайын Күйүк бөлүмүнө ар кандай түрдөгү күйүк жаракаттары менен 1700дөн ашуун адам кайрылат. Жыл сайын орточо 800 операция жүргүзүлөт, ал эми хирургиялык активдүүлүк 94,1% түзөт.
Бирок керектүү жабдуулардын жоктугу калыбына келтирүү процессин жайлатып, инфекциялардын коркунучун жогорулатат.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 17-июнунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы —Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев борбор калаадагы Шаардык тез жардам клиникалык ооруканасынын базасында иштеп жаткан Республикалык күйүк борборуна барып, маселе менен жеринде таанышып, заманбап медициналык жабдууларды алып берүү боюнча тапшырма берген.