22
Июль
МинКаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Мамлекеттик бажы кызматынын жамаатына ведомствонун төрагасы Алмаз Салиевди тааныштырды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) жамаатына ведомствонун төрагасы – Алмаз Салиевди тааныштырды.
Дайындоо Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Мамлекеттик бажы кызматын Финансы министрлигинин түзүмүнөн чыгарып, Министрлер Кабинетинин курамына өз алдынча мамлекеттик орган катары киргизүү жөнүндөгү Жарлыгына ылайык ишке ашырылды.
Жаңы төраганы МБКнын жамаатына тааныштыруу учурунда Данияр Амангельдиев түзүмдү кайра уюштуруу административдик процесстерди жөнөкөйлөтүү жана ведомствонун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүлгөнүн баса белгиледи. Анын айтымында, жаңы мүмкүнчүлүктөр менен бирге кызматтын алдында турган стратегиялык максаттарга жетүү үчүн жоопкерчилик дагы жогорулайт.
Өз кезегинде Алмаз Салиев өлкө жетекчилигине көрсөткөн жогорку ишеними үчүн ыраазычылык билдирип, МБКнын кызматкерлери коюлган милдеттерге жетүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшай турганына ишендирди.