23
Июль
Президенттин Администрациясында Кыргызстандын курама командасын 2028-жылы Лос-Анжелес шаарында өтө турган Жайкы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына даярдоо маселелери талкууланды
Бишкек, «Ынтымак Ордо», 2025-жылдын 23-июлу - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2028-жылы Лос-Анжелес шаарында (АКШ) өтө турган XXXIV Жайкы Олимпиада жана XVIII Паралимпиада оюндарына даярдык көрүүгө арналган жыйын өткөрдү.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Олимпиадага сапаттуу даярдык көрүү өлкө үчүн өзгөчө артыкчылыктуу багыт экенин баса белгиледи.
«Биздин милдет – алдыдагы Олимпиадага мүмкүн болушунча көп лицензия утуп алуу. Олимпиада оюндарына ийгиликтүү катышуу – өлкөбүз үчүн артыкчылыктуу милдет. Биз жеңиштерди күтөбүз. Ар бир мамлекеттик орган, жергиликтүү бийлик органдары, спорт федерациялары учурдагы милдеттерди натыйжалуу иштеп чыгып, спортчуларыбыздын бул иш-чарага даярдануусу жана катышуусу үчүн тиешелүү шарттарды камсыз кылышы керек», - деди Эдил Байсалов.
Жыйындын алкагында Дене тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан иштелип чыккан 2028-жылкы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына даярдык көрүү планы көрсөтүлүп, кеңири талкууланды.
Белгиленгендей, спорттун 14 түрү боюнча 30га жакын лицензия, анын ичинде фехтование, байдарка жана каноэде сүзүү, оор атлетика, таэквондо сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча дагы лицензияларды жеңип алуу күтүлүүдө.
Паралимпиада оюндары боюнча спорттун 4 түрү боюнча 4 лицензияны жеңип алуу күтүлүүдө. Спортчулардын 2026-2028-жылдары эл аралык мелдештерге катышуусу үчүн каржылоону көбөйтүү, спорттук мекемелердин инфраструктурасын жакшыртуу, спортчулардын олимпиадалык формасынын дизайнын иштеп чыгуу, спортчуларга эмгек акы төлөө, Кыргыз медициналык ден соолукту чыңдоо борборунун иши, Олимпиадалык оюндарды трансляциялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Талкуунун жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө 2026-жылы Италияда өтүүчү кышкы Олимпиада оюндарына жана Японияда өтүүчү Азиадага даярдык көрүү маселелери талкууланды.