24

Июль

2025

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи менен жолукту

Бишкек шаары, “Кытай–Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол компаниясы” ЖЧКсы, 2025-жылдын 24-июлу — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи менен жолукту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар, алгач “Кытай–Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун курулушун ишке ашырууга байланышкан көргөзмөнү көрүп чыгып, андан соң сүйлөшүүлөр залына өттү.

Анда, МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кытай Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү экенин, өткөн жылы соода жүгүртүү 23 млрд долларга жеткенин билдирди. 

“Кыргызстанда кытайлык капиталдын катышуусунда 3 миңден ашык компания катталган. Бул ишканалар экономикабыздын негизги тармактарын – соода, курулуш, тоо-кен жана өндүрүш, айыл чарба, туризм, логистика жана тейлөө тармактарын камтыйт. Кытай бизнесинин мындай кеңири катышуусу биздин экономикалык өз ара аракетибиздин жогорку деңгээлин ачык-айкын чагылдырат жана масштабдуу демилгелерди ишке ашыруу үчүн бекем негиз түзөт”, — деди МинКаб Төрагасынын орун басары. 

Бакыт Төрөбаев ошондой эле, эки тараптуу кызматташуудагы символикалык долбоорлордун бири “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу экенин кошумчалады. Бул жөн гана инфраструктура эмес – бул аймактык интеграциянын жаңы доору, транспорттук байланышты чыңдоо, логистикалык маршруттарды диверсификациялоо жана экономикалык өсүштүн туруктуу негиздерин түзүүгө карай кадам экенин билдирди. 

“Эки өлкөнүн жетекчилеринин жеке көңүл буруусу жана ар дайым колдоосу аркасында долбоор практикалык ишке ашыруу стадиясына өттү. Бүгүнкү күндө “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу Кыргызстандын аймагында активдүү жүрүүдө. Кыргыз тарап келип чыккан бардык уюштуруу жана административдик маселелерди ыкчам чечүү менен ишти өз убагында аткарууда”, — деди Бакыт Төрөбаев.

Өз кезегинде Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу — элдердин ортосундагы көпүрө, достуктун, кызматташтыктын жана өз ара өнүгүүнүн символу экенин айтып, биргелешкен кызматташуу жогорку жоопкерчилик менен алдыга койгон бардык максаттар ишке ашырылаарына ишенээрин билдирди.