24
Июль
МинКаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2030-жылга чейинки мезгилге өлкөнү өнүктүрүү боюнча улуттук программанын алкагында Тоң районун 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги астында Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча улуттук программанын (Улуттук программа) алкагында өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулоого, Тоң районунун учурдагы социалдык-экономикалык абалына талдоо жүргүзүүгө жана Улуттук программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын даярдоонун алкагында аны 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоого арналган кеңешме болуп өттү.
Кеңешмеге Тоң районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын, айыл өкмөтүнүн жетекчилери, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.
Бакыт Төрөбаев жергиликтүү мамлекеттик администрациянын Улуттук программанын максаттуу көрсөткүчтөрүнө, анын ичинде жан башына ИДПны 4 500 АКШ долларына чейин жана ИДПнын көлөмүн 30 млрд АКШ долларынан кем эмес жетүүдөгү өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.
«Тоң районунун, айрыкча айыл чарба, өндүрүш жана туризм тармактарында олуттуу потенциалы бар. Биздин жалпы милдетибиз – Улуттук программанын алкагында бул потенциалды ачууга күч-аракетти жумшоо. Инфраструктураны жакшыртуу, адамдардын жашоо сапатын жогорулатуу жана райондун туруктуу экономикалык өсүшү үчүн шарттарды түзүү боюнча конкреттүү, өлчөнүүчү кадамдар зарыл», – деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Тоң районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясына төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:
- Улуттук программада көрсөтүлгөн өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жана инвестициялык долбоорлорду эске алуу менен 2030-жылга чейинки районду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу (айыл чарбасы, туризм, индустриялаштыруу, жашыл энергетика жана регионалдык хаб);
- райондун экономикасына инвестицияларды (мамлекеттик да, жеке да) тартуу боюнча иштерди күчөтүү. Маалымат Кыргыз Республикасынын 2030-жылға чейинки улуттук өнүгүү программасы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы N 178 Жарлыгы менен кабыл алынган.
Улуттук программа өлкөнүн орто мөөнөттүү максаттарын жана артыкчылыктарын аныктаган стратегиялык документ болуп саналат. Улуттук программа экономиканын туруктуу өсүшүн камсыз кылууга, калктын жашоо сапатын жогорулатууга жана экономиканын негизги тармактарын комплекстүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.