25
Июль
Алтай Республикасында дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүн талкуулаган Эл аралык экологиялык конференцияга Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев катышууда
2025-жылдын 25-июлу — Россия Федерациясынын Алтай Республикасындагы “Манжерок” (Миң жүрөк) эс алуу курортунда Эл аралык экологиялык конференция башталды.
Дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүн талкуулоо үчүн бул конференцияга келген бир катар мамлекеттердин Өкмөт башчылары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышууда.
Алгач, конференция башталаар алдында делегация башчылары саламдашып, андан кийин биргеликте сүрөткө түшүү аземи болду. Андан соң, пленардык жыйын өтүүчү залына өтүштү.
Белгилей кетсек, Эл аралык экологиялык конференцияга — Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов, Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода жана башка мамлекеттердин расмий кызмат адамдары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, экология тармагынын эксперттери катышууда.