25
Июль
МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев «Кыргыз почтасы» ААКнын жаңы логистикалык борборунун ишке кирүүгө даярдыгын текшерди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев «Кыргыз почтасы» ААКна барып, жаңы логистикалык борборду ишке киргизүүгө даярдыктын жүрүшү менен таанышты. Сапар өлкөнүн почта-логистикалык инфраструктурасын модернизациялоо жана активдүү санариптештирүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында болду.
Иш-чарага «Кыргыз почтасы» ААКнын жетекчилиги менен бирге бир катар тиешелүү мамлекеттик органдардын жана мекемелердин жетекчилери катышты. «Кыргыз почтасы» ААКнын башкы директору Марат Черикчиев Данияр Амангельдиевге объекттин ишке кирүүгө даярдык деңгээли тууралуу толук маалымат берди, ошондой эле логистикалык борбордун толук өндүрүштүк цикли: почта жөнөтүүлөрүн иштетүүнү кыйла тездетүүгө мүмкүндүк берген автоматташтырылган сорттоо линиясын; жөнөтүүлөрдү ыңгайлуу жана контактсыз алууну камсыз кылууга арналган жаңы постаматтардын кеңири тармагын; коопсуздуктун жогорку деңгээлин камсыз кылган заманбап Face ID биометрикалык жабдууларын; жана "Электрондук соода оператору" пилоттук долбоорунун алкагында электрондук соода процесстерин колдоо жана логистикага реалдуу убакыт режиминде көз салуу үчүн иштелип чыккан автоматташтырылган маалыматтык системаны (АМС) камтыган негизги технологиясын тааныштырды.
Данияр Амангельдиев текшерүү учурунда бул логистикалык борбор электрондук коммерция товарларын иштетүүнүн жана жеткирүүнүн натыйжалуу жана ачык-айкын системасын түзүүдөгү негизги элемент болуп саналарын, ал товарлардын өлкөгө кирген учурунан баштап акыркы алуучуга жеткирилгенге чейинки бардык этаптарынын ачыктыгын камсыз кылууга багытталганын баса белгиледи.
Анын айтымында, борбордун ишке кириши жеткирүү мөөнөттөрүн кыскартууга, санариптик кызматтардын спектрин кеңейтүүгө жана өлкөнүн калкы үчүн сапаттуу жана заманбап логистикалык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүшү керек.
Логистикалык борбордун сунушталган технологиялык чечимдери жана өнүгүү келечеги менен таанышкандан кийин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев тартылган ведомстволордун жетекчилерине объектти тез арада жана ийгиликтүү ишке киргизүүгө, ошондой эле республикадагы почта-логистикалык кызматтардын системасын мындан ары өркүндөтүүгө багытталган бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.