26
Июль
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин Алтай Республикасына болгон (Россия Федерациясы) жумуш сапары аяктады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин Алтай Республикасынын Тоолу-Алтай шаарына болгон (Россия Федерациясы) жумуш сапары аяктады.
Анда, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында “Манжерок” (Миң жүрөк) эс алуу курортунда уюштурулган Эл аралык экологиялык конференцияга Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын Өкмөт башчылары менен биргеликте катышып, анын пленардык жыйынында сөз сүйлөдү.
Экологиялык чакырыктар жана дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүн талкуулаган Эл аралык экологиялык конференциянын алкагында эксперттик жана тематикалык сессиялар да уюштурулду. Анда бир катар мамлекеттердин расмий кызмат адамдары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, экология тармагынын эксперттери катышып, өз тармактарында баяндамалар жасалып, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү каралды.