26

Июль

2025

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жыйын болуп өттү. 

Өлкөнүн өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулоого, Ак-Суу районунун учурдагы социалдык-экономикалык абалын талдоого жана Улуттук программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын даярдоонун алкагында бул райондун 2030-жылга чейин өнүгүүсүнүн негизги багыттарын аныктоого багытталган жыйын болуп өттү.  

Жыйынга Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын, айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Бакыт Төрөбаев Улуттук программанын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүүдө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ишинин өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи. Анын ичинде өлкөнүн туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча алдынкы 30 өлкөнүн катарына кирүүсү белгиленген.

“Ак-Суу району кайра иштетүү өнөр жайы, тоо-кен казып алуу, айыл чарба жана туризм тармактарында чоң потенциалга ээ. Райондун инфраструктурасын өнүктүрүүдө, жашоочулардын бакубатчылыгын жогорулатууда жана туруктуу жергиликтүү экономиканы калыптандырууда өлчөнүүчү ийгиликтерге жетүү үчүн бардык күч-аракетти жумшоо зарыл” – деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.

Жыйындын жыйынтыгында Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясына төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

− Улуттук программада белгиленген артыкчылыктуу багыттарды эске алуу менен, районду 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Иш-чаралар планын жана өнүктүрүү векторлоруна (айыл чарба, туризм, индустриялаштыруу, жашыл энергетика жана региондук хаб) ылайык инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу;

− райондун экономикасына мамлекеттик жана жеке инвестицияларды тартуу иштерин күчөтүү.

Маалымкат үчүн:

2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы Кыргыз Республикасынын Президентинин 
2025-жылдын 5-июнундагы № 178 Жарлыгы менен кабыл алынган. Программа өлкөнүн орто мөөнөттүү максаттарын жана артыкчылыктарын аныктоочу стратегиялык документ болуп саналат. Программа туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого, калктын жашоо сапатын жогорулатууга жана экономиканын негизги тармактарын комплекстүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.