26

Июль

2025

МинКаб Төрагасынын орун басары 
Бакыт Төрөбаев 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында Ысык-Көл облусунун Түп районда жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында Ысык-Көл облусунун Түп районда жыйын болуп өттү. 

Анда, өлкөнүн өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулоого, Түп районунун учурдагы социалдык-экономикалык абалын талдоого жана Улуттук программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын даярдоонун алкагында бул райондун 2030-жылга чейин өнүгүүсүнүн негизги багыттарын аныктоого багытталды. 

Жыйынга Түп районунун мамлекеттик администрациясынын, айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Бакыт Төрөбаев Улуттук программанын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүүдө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ишинин өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын адамдык өнүгүү индекси боюнча рейтингдеги көрсөткүчүн 10 позицияга жакшыртуу белгиленген.

“Түп району агрардык секторду, тамак-ашты кайра иштетүүнү жана туризмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарга ээ. Регионду туруктуу өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу маанилүү – инфраструктураны модернизациялоо, жашоо шарттарын жакшыртуу жана экономикалык потенциалды чыңдоо аркылуу”, – деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.

Жыйындын соңунда Түп райондук мамлекеттик администрациясына төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

− Улуттук программада белгиленген артыкчылыктуу багыттарды эске алуу менен, районду 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Иш-чаралар планын жана өнүктүрүү векторлоруна (айыл чарба, туризм, индустриялаштыруу, жашыл энергетика жана региондук хаб) ылайык инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу;

− Райондун экономикасына мамлекеттик жана жеке инвестицияларды тартуу иштерин күчөтүү.