28
Июль
Некролог – Токтобек Сатаров
Кыргыз маданияты жана театр искусствосу оор жоготууга учурады.
2025-жылдын 26-июлунда өмүрүн жана чыгармачылык энергиясын кыргыз театр искусствосуна арнаган Кыргыз Республикасынын эл артисти Токтобек Сатаров 77 жаш курагында дүйнө салды.
Токтобек Сатаров 1948-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган.
1972-жылы А.В. Луначарский атындагы Мамлекеттик театралдык искусство институтун ийгиликтүү бүтүрүп, эмгек жолун ошол жылдары жаңы түптөлгөн Ош кыргыз драма театрынан баштаган. 1994-жылга чейин театр артисти, режиссер-коюучу, башкы режиссер катары үзүрлүү эмгектенип, өлкөнүн алдыңкы театрларынын бирин түптөөгө зор салым кошкон. 1994-жылдан тартып К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында директор, көркөм жетекчи, 2003-жылдан тартып режиссер жана артист болуп иштеди.
Сахнада улуттук драматургиядан тартып, дүйнөлүк классиктердин чыгармаларында жаркын ролдорду жараткан. Эсте кала турган ролдору: А. Токомбаевдин “Күндүн чыгышы” спектаклинде Шабдановдун, У. Шекспирдин “Он экинчи түн” спектаклинде Мальволионун, “Гамлет” спектаклинде Клавдийдин, “Ричард III” спектаклинде Тиррелдин, Т. Абдумомуновдун “Ашырбай” спектаклинде Дадыйдын, М. Ауэзовдун “Кара көз” спектаклинде Наршанын жана “Абай” спектаклинде Абайдын, Б. Жакиевдин “Миң кыял” спектаклинде Эгембердинин, “Жолугушуу” спектаклинде бульдозеристтин, Н. Островскийдин “Болот кантип курчуду” спектаклинде Жухрайдын, Ч. Айтматовдун жана К. Мухамеджановдун “Фудзиямадагы кадыр түн” спектаклинде Иосиф Татаевичтин, Ч. Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” спектаклинде Эмрайиндин, М. Гапаровдун “Туздуу чөл” спектаклинде президенттин ж.б.
Режиссер катары Ш. Бейшеналиевдин “Кычан”, Л. Дюрконун “Электра”, Ж. Садыковдун “Ак Мөөр”, Ш. Шаршеевдин “Ыйык көл баяны” ж.б. спектаклдерди койгон.
Токтобек Сатаровдун ата-мекендик театр искусствосун өнүктүрүүгө кошкон эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланган. Ал 1978-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган, 1988-жылы “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти” наамы, 1997-жылы “Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамы ыйгарылган.
Кыргыз Республикасынын эл артисти Токтобек Сатаровдун жаркын элеси эсибизде түбөлүккө сакталат. Анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына чын дилден көңүл айтып, орду толгус аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
А.А. Касымалиев, М.М. Иманкулов, Э.Ж. Байсалов, М.К. Мамбеталиев, Б.Ж. Жетигенов, С.А. Раев, Ж.О. Кулманбетов, Т.Т. Казаков, А.А. Өзүбеков, К.А. Осмонов, К.А. Калыкулов, К. Калыков, Н.И. Мамбетова, Г.К. Каниметова, Г. Ажыбекова, А. Абдыкалыков, А. Назаралиева, Ж. Сыдыкбаева, Р. Асанов, А. Конушбаев, Т. Бообекова, Ш. Дүйшөнкулов, Ш. Супатаева, Д. Нургазиев, К.А. Акматова ж.б.