28
Июль
Эдил Байсалов баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы Пакистанда жумуш сапары менен жүрөт
Исламабад шаарында (Пакистан Ислам Республикасы) Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча Кыргызстан-Пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи жыйыны өттү.
Кыргыз Республикасынын делегациясын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеп барды.
Кыргызстан-Пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Пакистандын энергетика министри Сардар Авайс Ахмад Хан Легаринин жолугушуусу болду. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Өкмөттөр аралык комиссиянын иши тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун катышуусунда кеңейтилген курамда улантылды. Соода-экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүү, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү, биргелешкен энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле айыл чарба, билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм жана маалымат технологиялары боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды.
Мурда жетишилген макулдашууларды практикалык ишке ашырууга жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы түз байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
"Кыргызстан Пакистан менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достуктун терең маданий жана тарыхый тамырлары бар жана Пакистан Кыргызстандын тышкы саясатында артыкчылыктуу орунду ээлейт", - деп белгиледи Эдил Байсалов.
Жыйындын соңунда төмөндөгү документтерге кол коюлду:
- Өкмөттөр аралык комиссиянын 5-жыйынынын протоколу;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттик менен Пакистандын инвестициялык кеңешинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Халал индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемеси менен Пакистандын Халал агенттигинин ортосундагы халал соодасы боюнча меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Стандартташтыруу жана метрология борбору менен Пакистандын Стандарттар жана сапатты көзөмөлдөө органынын (PSQCA) ортосундагы стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум.