29

Июль

2025

МинКаб Төраганын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Вашингтондо АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Кристофер Ландау менен жолукту

img

Вашингтонго (Америка Кошмо Штаттары) болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Кристофер Ландау менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар эл аралык санкцияларды сактоо маселелерин, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулашты.

Мындан тышкары АКШнын Кыргызстандын жарандарына карата миграциялык саясатындагы акыркы өзгөрүүлөргө байланыштуу маселелер сүйлөшүлдү.