29
Июль
МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шариф менен жолукту
Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча Кыргызстан-Пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын 5-жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Шахбаз Шарифтин жолугушуусу болуп өттү.
Баарлашуунун жүрүшүндө МинКаб Төрагасынын орун басары алгач Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун саламын жолдоп, Кыргызcтан менен Пакистандын ортосундагы ынак жана достук мамилелерин айтып, ошондой эле Кыргызстандын тышкы саясатында Пакистандын өзгөчө ролун белгиледи.
Эдил Байсалов Пакистандын Премьер-министрине Өкмөттөр аралык комиссиянын 5-отуруму жемиштүү өткөрүлгөнүн, анда көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана биргелешкен жаңы демилгелерди баштоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлганын белгиледи.
Өз кезегинде Премьер-министр Шахбаз Шариф айтылган каалоо-тилектер үчүн ыраазычылык билдирип, Пакистандын Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө умтулуусун ырастады.
Тараптар стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты жана бардык деңгээлдеги активдүү байланыштарды улантууну макулдашышты.