29

Июль

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Денис Петрашовду Сингапурдагы суу спорту боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль жеңип алышы менен куттуктады

Бишкек, «Ынтымак Ордо», 29 июля 2025 года - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев телефон аркылуу сууда сүзүүчү Денис Петрашовду Сингапурдагы суу спорту боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль жеңип алышы менен куттуктады.

Адылбек Касымалиев Денис Петрашовдун 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө Кыргызстандын жаңы рекордун (58,88 секунд) жараткан жеңиши ата мекендик спорт үчүн тарыхый окуя экенин белгиледи. Ал Денис Петрашов дүйнөлүк чемпионаттын секисине көтөрүлгөн биринчи кыргызстандык сууда сүзүүчү болуп, өлкөнү эл аралык аренада татыктуу көрсөтүп жатканын баса белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле спортчунун таланттын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн машыктыруучуларына жана устаттарына ыраазычылык билдирди. Адылбек Касымалиев Денис Петрашов эрдиктин жана спортко берилгендиктин символу экенин, анын ийгилиги бүткүл Кыргызстан эли үчүн зор сыймык жана шыктандыруу экенин баса белгиледи. Сөзүнүн аягында Адылбек Касымалиев Денис Петрашовго чың ден соолук жана Ата Мекен үчүн жаңы спорттук ийгиликтерди каалады.