30

Июль

2025

Министрлер Кабинети Улуттук онкология жана гематология борборуна 10 млн сомдон ашуун каражат бөлдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Улуттук онкология жана гематология борбору үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине 10 млн 141 миң 165 сом бөлдү. Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Мындай чечим, бейтаптарга ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү, ошондой эле медициналык тейлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынды.

Саламаттык сактоо министрлигине бөлүнгөн каражаттын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу тапшырылды.