30
Июль
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кореянын Улуттук Жыйынынын депутаты Хан Чжонэ баштаган депуттардан турган делегацияны кабыл алды
Бишкек шаары, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 30-июлу – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Корея Республикасынын Улуттук Жыйынынын депутаты, Азиянын Улуттук Ассамблеясынын Суу ресурстары боюнча Консультативдик кеңешинин Президенти Хан Чжонэ баштаган депуттардан турган делегацияны кабыл алды.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар негизинен климаттын өзгөрүшү, калктын өсүшү, айлана-чөйрөнү коргоо жана экономикалык активдүүлүккө байланыштуу суу ресурстарына болгон талаптын жогорулашына байланышкан маселелерди талкуулашты.
Бул багытта МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан 2030-жылга чейин булганыч газды 16%га, ал эми эл аралык колдоо менен 44%га кыскартууну пландаштырып жатканын, мындан тышкары 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетүүнү көздөп жатканын билдирди.
“Кыргызстан 2019-жылдан бери баш кеңсеси Сеулда жайгашкан Жашыл өсүүнүн глобалдык институтунун мүчөсү. Өткөн жылы Бишкекте бул институттун Өлкөлүк кеңсеси ачылган. Институт менен биргеликте “Борбор Азиядагы суу ташкындары жана кургакчылык менен күрөшүү аркылуу климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу” долбоорун жылдырып жатабыз”, — деди ал.
Өз кезегинде Азиянын Улуттук Ассамблеясынын Суу ресурстары боюнча Консультативдик кеңешинин Президенти Хан Чжонэ, Корея Республикасы инвестициялык климатка оң таасирин тийгизген биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, өзгөчө суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана климаттык өзгөрүүлөрдү жөнгө салуу жаатындагы иш-чараларды уюштурууга кызыктар экенин билдирди.
Белгилей кетсек, Корея Республикасынын Улуттук Жыйынынын депутаттарынан турган делегация Бишкек шаарында өткөрүлгөн Азиянын Улуттук Ассамблеяларынын Суу боюнча консультативдик Кеңешинин сегизинчи отурумуна катышуу үчүн Кыргызстанга келген.