01

Август

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Рух Санат” дүйнөлүк салттуу маданият жана музыка фестивалынын ачылышына катышты

Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата, 2025-жылдын 1-августу – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Рух Санат” дүйнөлүк салттуу маданият жана музыка фестивалынын ачылыш аземине катышты.

Өз сөзүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы бул фестивалга катышкан  өлкөлөр ортосундагы маданий көпүрөлөрдү бекемдөөчү маанилүү чыгармачыл аянтча болуп каларына ишенээрин билдирди.

“Баарыңыздарды – дүйнөдө көлөмү жактан теңдеши жок “Манас” эпосунун, жүздөгөн элдик эпостор, дастандар, поэмалар төгүлүп ырдалган төкмөлүк өнөрдүн, дүйнөнүн атактуу сахналарында ойнолгон күүлөрдүн ордосуна – Ала-Тоо койнуна – тоо бермети Ысык-Көл жергесине – Кыргызстанга кош келиңиздер демекчимин. Ар бирибиздин каныбызда, уникалдуу жашоо образыбызда, маданиятыбызда, тарыхыбызда номаддар империясынын улуулугу жатат. Баарыбыздын тилибиз, динибиз, кебетебиз ар башка болгону менен музыкалык тилде котормочу болбойт. Музыка сүйүүчүлөрүнө рахат тартуулап, эң жаркын элестерди калтырса – ошол ыр, ошол күү, ошол музыка – элдикке айланат”, – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Адылбек Касымалиев ошондой эле, кыргыздын жана башка бир катар элдердин музыкалык аспаптарынын  “Манас” эпосунда кеңири аталышы – бул байыртадан кыргыз эли төгөрөктүн төрт бурчундагы элдер менен карым-катнаш мамиледе болгондугун тастыктай турганын кошумчалады.

Анын айтымында, мындай фестивалды өткөрүү – доордун талабы. Дүйнө элдеринин экономикасы жана маданияты улам барган сайын жуурулушуп жаткан учурда, байыркы бабалардын добушун биздин доорго чейин жеткендей шарт түзүү керек.

Сөзүнүн аягында Министрлер Кабинетинин Төрагасы фестивалдын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, фестивалдын ийгиликтүү өтүшүн жана көрүнүктүү этномузыка таануучуларга, окумуштууларга, композиторлорго, маданият ишмерлерине салттуу музыканы илимий жактан өнүктүрүүгө салым кошот деген ишенимин билдирди.