03

Август

2025

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев БУУнун конференциясына катышуу үчүн Түркмөнстанга барат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев 2025-жылдын 4-5-август күндөрү, деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясына катышуу үчүн иш сапар менен Түркмөнстандын Аваза туристтик аймагына иш сапар менен барат.


Иш сапардын алкагында МинКаб башчысы деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясыннын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. 


Мындан тышкары БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.


Ошондой эле Адылбек Касымалиев Борбор Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна арналган жогорку деңгээлдеги жолугушууга катышат.