04

Август

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөдө айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процедурасын сезилээрлик деңгээлде жөнөкөйлөтүүнү тапшырды

Бишкек, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 4-августу – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Президенттик Администрациянын аппараттык жыйынында Кыргыз Республикасында улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процессин сезилээрлик деңгээлде жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган “Өкмөттүн акселераторлору” программасынын алкагында жаңы чакырык башталганын билдирди.

Демилгенин максаты ашыкча бюрократиялык процедураларды жоюу жана айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процессин толугу менен онлайн-форматка өткөрүү, бул жарандардын убактысын үнөмдөөгө жана мамлекеттик кызматтарды тез жана ыңгайлуу алууга мүмкүндүк берет.

"Биз ар бир айдоочуну түйшөлткөн көйгөй болгон айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктарды чечүүнү көздөп жатабыз. Бул көйгөйгө дээрлик ар бир жаран туш болуп, ал күнүмдүк жашоого таасирин тийгизет", - деди Адылбек Касымалиев.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы азыркы система жарандардын мамлекеттик органдарга бир нече жолу келип, көпкө кезек күтүүсүн талап кылып жатканын белгиледи.

“Учурда айдоочунун күбөлүгүн алмаштыруу үчүн жаран кеминде эки жолу мамлекеттик органга барып, сааттап кезекке турууга аргасыз болууда. Алгач кагаз жүзүндө арыз берүүгө бир жарым саатка чейин убакыт коротот, андан кийин башка күнү даяр сертификатты алганы келет. Бул процесстин жалпы күбөлүктү чыгарууга кеткен убакыт, кеминде 4 жумушчу күндү түзөт, 21-кылымда мындай процесс болбошу керек. Маселен, 5 түрдүү кагаз документти чогултуу, бир мекеменин ичиндеги бир нече иш бөлмөгө баруу – бул убакытты жана каражатты гана талап кылбастан, жарандарга негизсиз ыңгайсыздыктарды жаратат”, - деп белгиледи МинКаб Төрагасы.

Ал жаралып жаткан маселени көрсөткөн статистикалык маалыматтарды келтирди.

“2024-жылы 124 520 улуттук айдоочулук күбөлүк берилген болсо, анын 54 481  алмаштыруу жолу менен берилген. 2025-жылдын биринчи 6 айында 85 816 күбөлүк берилген, анын 47 253 алмаштыруу жолу менен берилген. Бул цифралар суроо-талаптын жогору экендигин жана процессти тез арада жөнөкөйлөштүрүү зарылдыгын көрсөтүп турат”, - Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, көйгөйдүн тамыры айрым мамлекеттик кызматтардын бытырандылыгында, онлайн кайрылуу жана төлөм мүмкүнчүлүктөрүнүн жоктугунда, кагаз жүзүндө документ жүгүртүү басымдуулук кылып жатат.

"Биз процессти толугу менен онлайн форматка өткөрүшүбүз керек. Арыз берүү, керектүү документтерди жүктөө, төлөм жүргүзүү жана даяр сертификатты алуу “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жүргүзүлүшү керек”, - деди ал.

“Бул иш-чаралардын ишке ашырылышы жарандарга айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу процедурасын үйдөн чыкпастан 5-10 мүнөттүн ичинде бүтүрүүгө мүмкүндүк берет. Реформанын натыйжасында жарандардын убактысын олуттуу үнөмдөөгө жетишилет, мамлекеттик органдардын ишинин эффективдүүлүгү жогорулайт, өкмөткө болгон ишеним дагы бекемдейт”, - деп жыйынтыктаган Министрлер Кабинетинин Төрагасы бул иш-чараларды ишке ашыруу 100 күндүн ичинде аякташы керектигин эскертти.