04

Август

2025

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Түркмөнстанга келди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясына катышуу үчүн иш сапар менен Түркмөнстандын Аваза туристтик комплексине келди. 


Иш сапардын алкагында МинКаб башчысы деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясыннын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. 


Мындан тышкары БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов,    Непалдын Премьер-министри Кхадга Прасад Шарма Оли менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.


Ошондой эле Адылбек Касымалиев Борбор Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин башчыларынын  жогорку деңгээлдеги жолугушуусуна катышат.


Мындан тышкары деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн Үчүнчү конференциясынын алкагында  өтүүчү "Борбордук Азия өлкөлөрүнүн улуттук күндөрүнүн" маданий иш-чараларына катышат.