05

Август

2025

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Түркмөнстанга болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө, деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун конференциясынын алкагында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту.

Жолугушууда МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун конференциясын жогорку уюштуруу деңгээлинде өткөрүү Түркмөнстандын эл аралык кадыр-баркынын өсүп жаткандыгын айкын далили экенин өзгөчө белгиледи.

Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов конференцияга катышканы үчүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевге ыраазычылык билдирди. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн учурдагы көрсөткүчтөрү ишенимдүү өсүштү көрсөтүп турганын кошумчалап, кыргыз тарап эл аралык жүк ташуулар жаатында, логистика жана транзиттик мүмкүнчүлүктөр бөлүгүндө кызматташтыкты кеңейтүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

Жолугушууда эки тараптуу жана көп тараптуу аянтчаларда өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.