05

Август

2025

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Түркмөнстанда БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту

Аваза, Түркмөнстан, 2025-жылдын 5-августу - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясына катышуунун алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.

Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев сөзүнүн башында, БУУнун башка катчысы Антониу Гутерриштин былтыркы жылы Кыргызстанга болгон тарыхый сапарын жылуу эскерди.

МинКаб башчысы Бириккен Улуттар Уюмунун өлкөлөрдүн муктаждыктарына жана приоритеттерине эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган системалуу аракеттерин жогору баалады. Ошондой эле, деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча Авазанын жаңы Иш-аракеттер программасынын кабыл алынышын канааттануу менен белгиледи.

"Биз Авазада кабыл алынган документ структуралык тоскоолдуктарды жоюунун натыйжалуу куралы жана деңизге чыга албаган өлкөлөрдү глобалдык экономикалык процесстерге интеграциялоонун негизги механизми боло алат деп ишенебиз. Жаңы программанын жаңыланган жана комплекстүү мамилени сунуштаганы өзгөчө маанилүү. Кыргызстан үчүн, транзитке көз каранды болгон башка өлкөлөр сыяктуу эле, бул программаны ишке ашыруу инфраструктураны жакшыртуу, каржылоого жетүү жана аймактык кызматташтыкты чыңдоо үчүн келечекти ачат"-деди Адылбек Касымалиев.

Бул контекстте Министрлер Кабинетинин башчысы өткөн жылы башталган "Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолунун курулушу Борбор Азия аймагы үчүн да, анын чегинен тышкары да жаңы соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын белгиледи.

Өз кезегинде БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанда ишке ашып жаткан ири инфраструктуралык долбоорлорду канааттануу менен белгилеп, ошондой эле аймактагы чек ара маселесин чечилишин кубаттады. Башкы катчы Кыргызстандын эл аралык транспорттук логистикалык байланышка кошуп жаткан салымын да жогору баалады.

Маектешүүдө МинКаб башчысы деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү климаттык тобокелдиктерине көңүл бурду. Ал мөңгүлөрдүн эришинин, кургакчылыктын жана суу ташкындарынын кесепеттери экологияга гана коркунуч келтирбестен, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө да доо кетирээрине токтолуп, Кыргызстандын бул жааттагы активдүү аракеттерин баса белгиледи. Аны менен Кыргыз Республикасы 2027-жылга пландаштырылган "Бишкек+25" жогорку деңгээлдеги эл аралык саммитин өткөрүүгө активдүү даярданып жатканын билдирип, Саммитке БУУнун активдүү катышуусуна ишеним артты.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев турбуленттүүлүк, чыр-чатактардын жана аймактык талаштардын кеңири жайылышы шартында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араны биротоло чечүүсү - аймакты тынчтыктын, туруктуулуктун жана гүлдөп-өнүгүүнүн аймагына айландырууга өбөлгө болоорун белгиледи.

Тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында кызматташуунун келечегин талкуулашты.