05
Август
Адылбек Касымалиев Каспий деңизинин боюндагы маданий иш чараларга катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Түркмөнстанга болгон иш сапарынын соңунда, БУУ конференциясына келген делегация башчылары менен биргеликте, Каспий деңизинин боюндагы Аваза туристтик аймагында өткөн "Борбордук Азия өлкөлөрүнүн улуттук күндөрүнүн" маданий иш-чараларына катышты.
Иш чара деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн Үчүнчү БУУ конференциясынын алкагында өттү.
Маданий иш чарада Кыргызстандан бардык ички жасалгалары менен кыргыз улуттук боз үйү тигилип, кол өнөрчүлүк буюмдары көрсөтүлө турган этно-стенд коюлган. Ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн мастер-классы көрсөтүлүп, улуттук ашкананын даамы тартууланды.