07

Август

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусунда Өзгөн — Мырза-Аке — Кара-Кулжа эл аралык маанидеги автоунаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты

Ош облусунун Кара-Кулжа району, 2025-жылдын 7-августу — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Өзгөн — Мырза-Аке — Кара-Кулжа эл аралык маанидеги автоунаа жолун капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. 

Анда, МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиевге Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, мамлекеттик органдардын аймактагы ведомстволук бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү иштин жүрүшү тууралуу маалымат берди. 

Белгилей кетсек, Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа автоунаа жолунун оңдолуучу бѳлүгүнүн узундугу 34 чакырым, ал 3 бөлүктөн турат. Ошондой эле, узундугу 31, 102 чакырымды түзгөн 2 даана көпүрө бар. Бүткөрүү мезгили 2025-жылдын аягына чейин пландалууда. Долбоордун сметалык баасы 2,2 млрд сом. 

Учурда тротуарларды куруу, асфальт-бетон төшөө,  лотокторду орнотуу сыяктуу бир катар иштер уланууда. Пландалган жумуштардын 90-95%зы жыйынтыкталды.

Капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып чыккан МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана өз убагында бүткөрүүнү тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырды.