07
Август
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусунда бир катар курулуш объекттеринде жүрүп жаткан иштер менен таанышты
Жалал-Абад облусу, 2025-жылдын 7-августу — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар курулуш объекттеринде жүрүп жаткан иштер менен таанышты.
Алгач Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын имаратын куруудагы иштерден кабар алды.
Жалпы 5 блоктон турган имаратты куруу иштери өткөн жылдын августунда башталып жакында бүткөрүү пландалууда. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан 1 млрд 650 млн сом бөлүнгөн. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин иш жүргүзүүсү үчүн бардык заманбап ыңгайлуу шарты менен курулуп жаткан административдик имаратта учурда кабинеттерди техникалык жабдыктар менен жабдуу, жалпысынан көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштери жүрүүдө.
Андан соң, МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Сузак районунда курулуп жаткан Н. Алыкулов атындагы № 71 жалпы билим берүүчү мектебине барды. Жалпы 750 орундуу мектепти курууга республикалык бюджеттен 451 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Курулуш иштеринин 85%зы аяктап калган мектепте учурда ички бөлмөлөр, спорт залынын полу, актоо-сырдоо иштери аткарылууда.
Иштин жүрүшүн жеринде көрүп чыккан МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана планга киргизилген объекттерди өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырды.