07
Август
МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Баткен облусунун Баткен жана Кадамжай райондорунда Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында жыйын өткөрдү
Баткен облусу, 2025-жылдын 7-августу — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында өлкөнүн өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулоого, Баткен районунун учурдагы социалдык-экономикалык абалын талдоого жана Улуттук программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын даярдоонун алкагында райондордун 2030-жылга чейин өнүгүүсүнүн негизги багыттарын аныктоого багытталган жыйын болуп өттү.
Жыйынга Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын, айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.
Бакыт Төрөбаев Улуттук программанын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүүдө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ишинин негизги ролун белгиледи. Анын ичинде ИДПнын орточо жылдык реалдуу өсүү темпин кеминде 8% деңгээлинде камсыз кылуу белгиленген.
“Баткен районунун экономикалык потенциалы айыл чарбасында, өндүрүштө жана туризм тармагында негизделген. Улуттук программанын чегинде биз Баткен районунун мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга басым жасап, прогрессти төмөнкү негизги көрсөткүчтөр боюнча өлчөйбүз: инфраструктуранын абалы, калктын жашоо деңгээли жана экономикалык өсүүнүн темптери”, – деп белгиледи ал.
Жыйындын жыйынтыгында Баткен райондук мамлекеттик администрациясына төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:
− Улуттук программада белгиленген артыкчылыктуу багыттарды эске алуу менен, районду 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Иш-чаралар планын жана өнүктүрүү векторлоруна (айыл чарба, туризм, индустриялаштыруу, жашыл энергетика жана региондук хаб) ылайык инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу;
− Райондун экономикасына мамлекеттик жана жеке инвестицияларды тартуу иштерин күчөтүү.
Ошондой эле, Баткен облусунун Кадамжай районунда ушул эле Улуттук программанын алкагында өткөрүлгөн жыйында Бакыт Төрөбаев Улуттук программанын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетишүүдө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын салымынын маанилүүлүгүн белгиледи. Анын ичинде өлкөнүн туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча алдынкы 30 өлкөнүн катарына кирүүсү белгиленген.
“Кадамжай районунун экономикалык мүмкүнчүлүктөрү төмөнкү тармактарда басымдуу көрүнөт: өнөр жайды иштетүү, тоо-кен казуу, агрардык сектор жана туризм сферасы. Райондун инфраструктурасын өнүктүрүүдө, жашоочулардын бакубатчылыгын жогорулатууда жана туруктуу жергиликтүү экономиканы калыптандырууда өлчөнүүчү ийгиликтерге жетүү үчүн бардык күч-аракетти жумшоо зарыл”, — деп белгиледи МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев.
Белгилей кетсек, 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен кабыл алынган. Программа өлкөнүн орто мөөнөттүү максаттарын жана артыкчылыктарын аныктоочу стратегиялык документ болуп саналат. Программа туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого, калктын жашоо сапатын жогорулатууга жана экономиканын негизги тармактарын комплекстүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.