08

Август

2025

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында аймактардагы жыйынын бул жолу Ноокат районунда өткөрдү

Ош облусунун Ноокат району, 2025-жылдын 8-августу — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында Ноокат райондук мамлекеттик администрацияда жыйын өткөрдү. 

Отурумга райондук мамлекеттик администрациянын, айыл аймактарынын башчылары, мамлекеттик органдардын аймактагы ведомстволорунун кызматкерлери катышты.

Жыйынга чонулгандар Улуттук программанын алкагында өлкөнүн өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын, райондун учурдагы социалдык-экономикалык абалын жана Улуттук программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын даярдоо маселелерин карашты. 

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Улуттук программанын максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетүүгө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын натыйжалуу ишинин өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи. Анда Кыргыз Республикасынын адамдык өнүгүү индекси боюнча рейтингдеги көрсөткүчүн 10 позицияга жакшыртуу белгиленген.

“Айыл чарба, өндүрүш өнөр жайы жана туризм – Ноокат районунун өнүгүүсүнүн үч негизги багыты. Комплекстүү ыкманы ишке ашыруу зарыл, ал үчүн — заманбап инфраструктураны куруу, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана туруктуу экономикалык өнүгүү үчүн шарттарды түзүү”, – деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.

Отурумдун жыйынтыгында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына бир катар тапшырмалар берилди:

− Улуттук программада белгиленген артыкчылыктуу багыттарды эске алуу менен, районду 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Иш-чаралар планын жана өнүктүрүү векторлоруна (айыл чарба, туризм, индустриялаштыруу, жашыл энергетика жана региондук хаб) ылайык инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу;

− Райондун экономикасына мамлекеттик жана жеке инвестицияларды тартуу иштерин күчөтүү.

Кошумчалай кетсек, 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен кабыл алынган. Программа өлкөнүн орто мөөнөттүү максаттарын жана артыкчылыктарын аныктоочу стратегиялык документ болуп саналат. Программа туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого, калктын жашоо сапатын жогорулатууга жана экономиканын негизги тармактарын комплекстүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.