08

Август

2025

МинКаб мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитти

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтом кабыл алды. 


Токтомго ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети координациялоочу орган, Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун ээси катары, ал эми “Кыргыз мобилдик каттоо борбору” жоопкерчилиги чектелген коому Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун идентификациялоо оператору болуп аныкталды. 



Токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо тартиби жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыгып, Мамлекеттик санариптик технологиялык тутумун модернизациялоого жана натыйжалуулугун жогорулатууга, коомчулуктун нааразычылыгын төмөндөтүүгө жана ошондой эле мобилдик түзүлүштөрдү каттоо тартибин жөнөкөйлөтүү жана жеке маалыматтарды ишенимдүү коргоону камсыз кылуу аркылуу учурдагы көйгөйлөрдү жоюуга багытталган.