09

Август

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев космонавт Салижан Шариповго Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун тапшырды

Бишкек, 2025-жылдын 9-августу, Ынтымак Ордо - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев космонавт, Кыргыз Республикасынын Баатыры Салижан Шариповго Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун тапшырды.

“Ушундай көрүнүктүү инсанга Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун тапшыруу мен үчүн чоң сыймык. Салижан Шарипов өлкөбүздүн сыймыгы. Биз үчүн сиз ар дайым элибиздин космонавты болуп келгенсиз жана кала бересиз", - деди Адылбек Касымалиев.

Салижан Шарипов мындай көңүл бурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен болгон байланышты дайыма сезээрин жана өзүнүн ата-мекени менен сыймыктанарын баса белгиледи.