11

Август

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Жапония Өкмөтүнүн JDS долбоору аркылуу Жапонияга окууга жөнөп жаткан Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин кабыл алды

Бишкек шаары, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 11-августу – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Жапония Өкмөтүнүн JDS (Japan Development Scholarship) долбоорунун стипендиаттары, Жапонияга окууга жөнөп жаткан Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин кабыл алды. 

Анда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине, Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигине (JICA) жана Жапон эл аралык кызматташтык борборунун (JICE) өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, мындай туруктуу колдоонун жана кызматташуудан улам мүмкүнчүлүктөр ишке ашып, эки элдин ортосундагы мамиле дагы бекемделип жатканын билдирди. 

“Жапон эли менен болгон кызматташтык багыттарынын ичинен JDS долбоору биз үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин дагы бир жолу белгилеп кетким келет. Жапония – өзүнүн тартиби, сапаттуу билими жана заманбап технологиялары менен дүйнөгө таанылган өлкө. Ошондуктан, Жапон жеринде, Жапон элинен жаңы билимди, алдыңкы тажрыйбаны алып, Кыргыз мамлекетине кошо турган салымыңар баа жеткис болот. Биздин адистер азыркы мезгилде дүйнөнүн ар булуңунда билим алып жатышат. Алардын баарын жогору баалайбыз. Ошону менен бирге, Жапонияда мамлекеттик башкаруу багытында алган билимдин биздин коомго, биздин экономикага пайдасы өзгөчө болот деген ойдомун. Сиздерге ак жол, ийгилик каалайм. Сиздер кыргыз эли жана жетекчилиги зор үмүт артып жатканын сезесиздер, түшүнөсүздөр деп ойлойм”, – деди МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев.

Белгилүү болгондой быйыл, Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринен Жапонияга билим алууга 19 магистратурага, 1 докторантурага жөнөп жатат. Жалпысынан 2006-жылдан бери ишке ашырылып жаткан бул программа аркылуу 327 стипендиат Жапониядан билим алып келген. Статистика боюнча, бүтүрүүчүлөрдүн 60%зы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга орношсо, кайтып келген стипендиаттардын ичинен  50дөн ашык адам жетекчилик кызматтарда иштейт.