12

Август

2025

Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Кыргызстанга расмий сапар менен келет

img

Үстүбүздөгү жылдын 14-августунда Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет.

Алдыдагы расмий сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөөрү, анда кыргыз-орус күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча, анын ичинде соода-экономикалык мамилелер, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана интеграциялык бирикмелердин алкагында аракеттерди координациялоо маселелери каралаары пландалууда.

Ошондой эле, иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустиндин жолугушуусу күтүлүүдө.