12
Август
МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коллегиясы өткөрүлдү
Бишкек шаары, 2025-жылдын 12-августу – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коллегиясы өткөрүлдү.
Анда МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, өлкө ичиндеги өндүрүш, соода, кызмат көрсөтүү жана башка тармактар министрликтин ишмердүүлүгү аркылуу биригип, жалпы улуттук өнүгүүгө өбөлгө түзөөрүн билдирди.
Ал ошондой эле, бүгүнкү күндө транспорт жана жол тармагындагы абалды кылдат талдап, реалдуу көйгөйлөрдү ачык айтууга убакыт жеткенин, анткени Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун бул тармакка өзгөчө көңүл буруп, колдоо көрсөтүп жатканын кошумчалады.
Маселен, 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин транспорт жана жол тармагына 101,7 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Мындай ири каражаттын эсебинен акыркы 5 жылда 3 048 чакырымдан ашык жол жана жасалма курулмалар курулуп, 2 453 км жолго асфальт төшөлдү. Көп жылдан бери созулуп келген бир катар жолдордун курулушу ордунан жылды.
Ошондой эле, стратегиялык долбоорлорго кирген "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолунун курулуш иштери тууралуу да айтылды. Белгилей кетсек, Кытайдын Кашкар шаарынан Өзбекстандын Андижан шаарына чейин 526 чакырым болсо, ал эми Кыргызстандын аймагындагы темир жолдун жалпы узундугу 304 чакырым. Темир жолдун дээрлик 40 пайызы тоннелдерден жана көпүрөлөрдөн турат.
Транспорт тармагында болсо, жалпысынан 523 млн 534 миң сом киреше түшкөн. Ал эми “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасы жүк ташууда 2025-жылдын 6 айында 4 млн 958 миң тоннаны түздү.
“Президентибиз Садыр Жапаровдун колдоосу менен республикалык жана эл аралык автоунаа жана темир темир жолдорунун курулушу ишке ашырылып жатат. Биз бир канчасын мисал келтирүү үчүн гана тизмектедик. Жол тармагындагы алгылыктуу иштер мындан да арбын. Алардын ар бири — олуттуу жетишкендик. Айтылган ийгиликтер – биринчи кезекте, сиздердин талыкпаган эмгегиңиздердин жыйынтыгы. Транспорт жана жол тармагынын мындан аркы өсүп-өнүгүшү да дал сиздердин жигердүү ишмердигиңиздерден көз каранды”, — деп сөзүн жыйынтыктады МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев.