14
Август
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди
Ысык-Көл облусу “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту, 2025-жылдын 14-августу — Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.
Жогорку даражалуу конокту “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Анда килем төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилди.
Белгилей кетсек, расмий сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен кыргыз-орус күн тартибиндеги бир катар маселелердин жыйындысы каралаары, анын ичинде соода-экономикалык мамилелер, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана интеграциялык бирикмелердин алкагындагы аракеттерди координациялоо боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөөрү күтүлүүдө.
Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустиндин жолугушуусу пландалган.