14
Август
Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди
Ысык-Көл облусу, “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту, 2025-жылдын 14-августу — Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына сапар менен келди.
Беларустун Премьер-министри Александр Турчинди Ысык-Көл эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин жана Биримдикке байкоочу мамлекеттердин делегация башчыларынын катышуусунда үстүбүздөгү жылдын 14-15-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлөт.