14
Август
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустиндин сүйлөшүүлөрү болду
Чолпон-Ата шаары, Ысык-Көл облусу, 14-август - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкөгө расмий сапар менен келген Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту.
Министрлер Кабинетинин башчысы Россия Өкмөтүнүн Төрагасын жана Россия делегациясынын мүчөлөрүн Борбордук Азиянын бермети болгон Ысык-Көл жээгинде жылуу тосуп алып, Россия Федерациясынын Төрагасынын Кыргызстанга расмий сапары 2016-жылдан бери биринчи жолу болуп жатканын белгиледи.
«Сиздин сапарыңыз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндөгү декларацияга кол коюлганынын 25 жылдыгына туш келгени символикалуу. Бул документ азыркы кыргыз-россия мамлекеттер аралык мамилелеринин бекем негизи болуп калды. Россия Кыргызстандын ишенимдүү союздашы жана стратегиялык өнөктөшү экенин чоң кубаныч менен белгилегим келет. Мамилелерибиздин туруктуу өнүгүшүндө өлкөлөрүбүздүн президенттеринин ортосунда жеке ишенимдүү мамилелердин түзүлүшү, албетте, негизги ролду ойнойт. Алардын бекем эркинин аркасында биздин өлкөлөр ар кандай тармактарда байланыштарды ырааттуу түрдө бекемдөөнү улантууда жана кызматташтыгыбыздын келечегине оптимизм менен карайт», - деди ал.
Адылбек Касымалиев мамлекеттер аралык байланыштардын жогорку динамикасы «тереңдетилген союздаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн» рухуна толук жооп берерин айтып сөзүн улантты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле россиялык тараптын колдоосу менен үстүбүздөгү жылы Москва шаарында Кыргыз илим жана маданият үйүн ачуу пландаштырылып жатканын белгиледи.
Өз кезегинде Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин салттуу меймандостук жана жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал эки өлкөнүн ортосунда ар кандай тармактарда, атап айтканда, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык ийгиликтүү өнүгүп, Кыргызстанга инвестициялардын көлөмү көбөйүп жатканын белгиледи.
Өкмөттүн Төрагасы Россия Федерациясынын Кыргызстан менен, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө умтуларын баса белгилеп, ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлор эки өлкөнүн жарандарына да олуттуу пайда алып келерине ишеним билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, фармацевтика тармагындагы маселелердин кеңири комплексин талкуулашты.